Бишкекте КМШнын мектептеринде ысык тамак берүүнү талкуулаган форум өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мектеп тамактануусу боюнча эл аралык форумуна катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мектеп тамактануусу боюнча форуму алгач ирет өтүүдө, аны өткөрүү демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык.

Анда Байсалов өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жакшыргандыгына токтолуп, акыркы үч жылда өлкө мамлекеттик бюджетти жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, бул адам капиталына, атап айтканда, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын колдоого мамлекеттик инвестицияларды бир канча эсеге жогорулатууга мүмкүндүк бергендигин билдирди.

Ошондой эле ал Орусиянын каржылык колдоосу менен өлкө аймактарында мектеп окуучуларынын тамактануусун кеңейтүүнү колдоо боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан