Быйыл "Супер-Инфонун" тандоосу менен "Жылдын супер актёру" наамына Бектемир Мамаюсупов ээ болду. Супер концертке актёрдун өзү келе албагандыктан, сыйлык "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын режиссёру Руслан Акунга тапшырылган эле.
Концерттен соң Бектемирге чалып кабарлашканыбызда ал: "Наам алганымды угуп аябай сүйүндүм. Алгачкылардан болуп Аида Тулебаева чалып куттуктады. Менин колума статуэтка, дипломду да ал тапшырды. Өз колуңуздардан алсам сонун болмок. Чет жакта жүргөндүктөн, кечигип калдым. Менин эмгегимди баалаган "Супер-Инфонун" жамаатына жана күйөрмандарыма терең ыраазымын. Сиздердин сыйлыгыңыздардан сырткары дагы 5 сыйлык алгам. Буюрса, ишеничиңиздерди актоого аракет кылам. Дагы бир жолу рахмат!"- деп кубанып турганын жашырбады.