Кызыл-Кыя шаарынын "положенеци" деп аталган Гүлжигит Малабаев кармалды. Бул тууралуу 25-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле баңги заттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын "положенеци" деп аталган 1980-жылы туулган Малабаев Гүлжигит Карабаевич кармалды.
Ал 2019-жылдан бери Кадыр Досоновдун ("Женго" каймана аты менен таанылган) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган.
Учурда Гүлжигит Малабаев Ош шаарындагы №25 тергөө абагында кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.