"Дед Хасан, Равшан тентек, Илюха...". УКМК бир катар жарандар кылмыштуу топтон баш тартканын билдирди (тизме)

УКМК 25-ноябрда уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш активдүү уланын жатканын белгилеп, анын алкагында УКТнын бир катар мүчөлөрү кылмыштуу топтон баш тартканын кабарлады.

Атайын кызмат маалымдагандай, октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:

1) 1964-жылы туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Лейлек районунун Тогузбулак айылында туулган. Улуту кыргыз. "Хасан ата жана прокурор" деген каймана ат менен белгилүү;

2) 1967-жылы туулган Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен шаарынын тургуну. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү. 2013-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен ОИИБдин ыкчам каттоосунда турган. "Равшан тентек" деген ат менен белгилүү;

3) 1973-жылы туулган Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү. 2015-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. "Голова" деген каймана ат менен белгилүү;

4) 1983-жылы туулган Саидбаев Ильяз Мамединович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү. Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам каттоосунда турган. "Илюха" каймана аты менен белгилүү.

УКМК жарандардан кылмыштуу топтордун жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери, анын ичинде ишкерлердин жана инвесторлордун ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактыларына күбө болсо, кабарлоону өтүнөт.

Видео: УКМКнын басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан