Бишкек мэриясынын муниципалдык көрктөндүрүү инспекциясы тыюу салынган буюмдарды өрттөп жаткандарды аныктоо үчүн мончолор менен сауналарды текшерүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада шаардагы 38 мончо жана сауналар текшерилди. Анын жүрүшүндө чүпүрөк-чапырак, желим буюмдар отко жагылып жаткан учурлар аныкталган эмес.
Жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 41 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга 478 миң сом айып пул салынган.
Бийлик мончо менен сауна иштеткендерге абаны булгабай турган отундун түрлөрүнө өтүүнү сунуштап жатат.