Томолой жетим балдарга эсеп ачып акча салуу сунушталууда. Аны кайда сарптаса болот?

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев томолой жетим балдарга "Келечек муун үчүн фонд" топтолмо жөлөк пулун киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи депутат мыйзам долбоору ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга (томолой жетим) каржылык жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкканын белгилейт.
Долбоорго ылайык, баланын мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурдан тартып мамлекеттик банктан эсеп ачылып, ага кайрымдуулук уюмдары жана башкалар ыктыярдуу негизде белгилүү бир сумманы сала алышат. Электрондук, санариптик сомду жана баалуу кагаздарды колдонууга жол берилет.
Ал эми мамлекет тарабынан жөлөк пул берүү тартиби жана өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт. Бирок суммасы 10 миң сомдон төмөн болбошу керек.

Жалпы чогултулган сумманы төлөө жетим бала бойго жеткен күнү анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда, ал эми ал жокто - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

Топтолгон сумманы балдар өзүнө турак жай сатып алуу үчүн (Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы боюнча), окуу акысына, кымбат диагностиканы же хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган медициналык кызматтарды төлөөгө жумшаса болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан