Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесине барып, согуш палестиналык ХАМАС кыймылын толук жеңгенге чейин улана турганын айтты. Бул туралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, анклавга барган премьер-министр өлкөнүн үч максаты бар экенин айткан.
Алар ХАМАСты жок кылуу, уурдалгандардын баарын кайтаруу жана Газа кайрадан өлкө үчүн коркунуч жаратпасын камсыздоо экенин белгилеген.
Эске салсак, эки өлкө ортосундагы абал 7-октябрдагы ХАМАС кыймылынын чабуулунан кийин курчуп кеткен.
Ушундан кийин жөөт аскерлери Газа тилкесине сокку ура баштап, алардын адегенде абадан, андан кийин жердеги чабуулдарынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар экени айтылган.