Орусиянын Премьер-Лигасынын 16-турунун казандык “Рубин”– воронежалык “Факел” беттешинде талаага чуркап чыккан күйөрман полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу РИА новости чет элдик басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя беттештин аягында болгон. Кармоо учурунда "Факел" командасынын чуркап чыккан күйөрманы жыгылып, “Рубиндин” дарбазачысы Юрий Дюпинди кулаткан. Бактыга жараша, дарбазачы эч кандай жаракат алган эмес. Бирок күйөрман полиция тарабынан кармалып, ага кандай жаза болорун сот аныктайт.
“Оюн Орусиянын Казань шаарында өтүп, 1:0 эсебинде талаа ээлери “Рубин” командасынын жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду 37 мүнөттө 21 жаштагы жарым коргоочу Руслан Безруков киргизген”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган турдун алкагында Москванын “Спартак” командасы Калининград шаарынын “Балтика” командасын утуп алган. Оюндун эсеби 2:0 болду.