УКМК Токтогул шаарынын мэрин жана анын уулун кармады

Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалганын УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан аймактын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды ортого салган, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чынгыз” каймана аты бар маркум Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон.

"Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50 пайыз үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин ал жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген" деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., компаниянын өкүлү С.у.Б., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан