
Анда ал атасынын жанында туруп: "Учурдан пайдаланып айтып калайынчы, жакында эле апам мага "Кызым, фамилияң атаңдыкы болбосо сен ата-тегиңден бата ала албайт экенсиң" деди. Ошондуктан жакында мен Шерматова Малика болом", - деди ал.
2021-жылы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго жолугуп, бир туугандары менен жакындан таанышкан. Ата-кыздын жолугушуусун баяндаган видеону Абдумалик Шерматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Андан Малика Дина атасынын үйүнө барганын, бир туугандары менен жакындан таанышканын көрүүгө болот.
Абдумалик Шерматов кубанычы ичине батпай жатканын, ал сезип жаткан бактылуулукту башкалар дагы сезүүсүн билдирет. Айтымында, ушул жылдар аралыгында жубайы, балдары, кыздары "Малика качан келет?" деп күтүп жүрүшкөн. "Кызым, келгениңе рахмат. Биздин тилегибиз аткарылды. Демек, биздин ниет ак болгон экен", - деген Шерматов.