Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча "BISHKEK OPEN 2023" эл аралык ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышты.
"Мелдештин жыйынтыгында Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 10 медалга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева алтын медаль жеңип алышты. Ал эми Богдан Пягай эки алтын медалга ээ болду. Күмүш медалды Сахиба Софиева жеңип алды. Ал эми Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова коло медалдын ээлери болушту.