Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, алардын ээлери кармалды (видео)

Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, алардын ээлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салону деп аталып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

"Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде 10 сойкукананын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 жеңил ойлуу кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштөө убактысын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул жайлардан ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: УКМКнын басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан