Бишкекте 23 жаштагы жигит бычакталган. Шектүү кармалды

Бишкекте 23 жаштагы жаранды бычактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда болжол менен саат 01:40 чамасында милицияга адам бычакталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2000-жылы туулган А.Ж. аттуу жаранды "Тез жардам" кызматы алып кеткенин аныкташкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ылайык (Ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан