Ысык-Көлдө никеге туруу максатында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, 23-ноябрь күнү Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнө Ысык-Көл районунун 2003-жылы туулган И.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Корумду айыл аймагында белгисиз үч адам Ауди үлгүсүндөгү унаа менен анын эркине каршы күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып кеткендигин билдирип, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Арыз Ысык-Көл РИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук милициясынын Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам-тергөө тобу барып, Корумду айылынын 1981-жылы туулган Э.Э., 1980-жылы туулган Б.М. жана 1998-жылы туулган Д.Б. кармалып, милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Алдын ала суракта кармалган шектүүлөр өз күнөөлөрүн моюнуна алышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу максатында адам уурдоо") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрг Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.
Тергөө амалдары уланууда.