Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Октябрь РИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда милиция кызматкерлерине Т.К. аттуу жаран “Ш.Г.” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал 9-июлдан 26-августка чейинки аралыкта 7-кичи райондо жайгашкан дүкөндөрдүн биринде батир алууга жардам берем деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу 23 миң 300 доллар акчасына ээ болгон.
Аталган факты милиция кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
"Ага байланыштуу 1985-жылы туулган Ш.Г. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүгө карата 2 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.