Ошто канча аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөнү белгилүү болду

Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, министр алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртарын эске алсак, бул программа Ош облусу боюнча 14,4 миңден ашуун адамдын, анын ичинен 8,6 миңи балдардын жашоо сапатын жакшырткандыгын айтты.

"Буга мен бүгүн барган үй-бүлөлөр мисал боло алат. Алсак, үч баланын энеси Апсамат кызы Айпери мамлекеттен алган 100 миң сомуна дүкөн ачкан. Ал эми азыр анын айлык кирешеси 40-45 миң сомду түзөт.

Эркингүл Муратова үй-бүлөсүнүн турмушун оңдоп гана тим болбостон тигүү цехинде дагы алты жумушсуз аялды жумуш менен камсыз кылды. Тигүүчүлөр ай сайын 30 миң сомго чейин алышат. Кызбурак Жусупова тарабынан төрт жумушчу орун түзүлгөн. Ал ОшМУнун ашканасын ижарага алып, бир кызматкерге күнүнө 700-800 сомдон төлөйт", - деди министр.

Министрдин айтымында, бул программанын эффективдүүлүгүн эске алуу менен келерки жылы мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ача турган үй-бүлөлөрдүн саны 20 миң үй-бүлөгө берүү пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан