Кириштиану Роналду Азия Чемпиондор Лигасында калыстын катасын оңдоп, күйөрмандарын суктандырды.
"Аль-Наср" командасы ирандык "Персеполис" менен беттешип жаткан учурда ирандык клубдун оюнчусу Роналдуга каршы оюн эрежесин бузуп, калыс пенальти койгон.
Буга Роналду макул болбой, калыстын жанына барган. Калыс жыйынтыгында бул эпизодду кайра кайталоодон көрүп, пенальтини жокко чыгарган.
Эки клуб Азия Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында ойноп жатышкан. Беттеш тең чыгуу менен (0:0) аяктады.