Бишкекте батир сатып алууга көмөк көрсөтүү убадасы менен 33 миң 500 долларын алдап алган шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-сентябрында милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, К.К. аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Анда шектүү 33 миң 500 доллар акчасын батир сатып алууга жардам берүү убадасы менен алып, убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
"Кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп айтылат маалыматта.