Бишкектеги Пакистандын элчилигинин жанына баңгизат катып жаткандар кармалды (фото)

Бишкекте баңгизат катканга шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Кечээ, 27-ноябрь күнү саат болжол менен 22:58 чамасында Серов көчөсүндө жайгашкан Пакистандын элчилигин күзөтүп кызматта турган милициянын улук лейтенанты Руслан Коршунов элчиликтин имаратынын айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда эки адам ар кайсы жерге ар кандай нерселерди уюлдук телефондун жарыгы менен катып жатканын байкаган. Ал басып барганда, алардын бирөөсү жерден кичине желим баштыкчага салынган жашыл-көк түстөгү белгисиз затты алганын көрүп, аны кармап, полктун нөөмөт-бөлүмүнө билдирген.
Нөөмөт бөлүмү тарабынан окуя болгон жерге кармоо тобу, шектүү эки адамды кармашкан. Алар 1997-жылы туулган А. уулу А., жана 1993-жылы туулган У.А.Н., болгон.
Шектүү катары кармалган адамдар Свердлов РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан