Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан кураш боюнча Дүйнө биринчилигинде Жамалбек Асылбек уулу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 90 килограмм салмак ченинде катышкан. Алгач 1/8 финалдык беттеште мексикалык балбанды утса, 1/4 финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште Өзбекстандын балбанына утулган.