Чүйдө чет өлкөнүн жараны дээрлик 9 миллион сомго эс алып качып кеткен. Ал кармалды

Аламүдүн районунда өзүн ири инвестор катары тааныштырып келген чет элдик аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-октябрында милицияга Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларынын биринин администратору арыз менен кайрылып, чет өлкөлүк жаран В.Т.га чара көрүүнү суранган. Шектүү 2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин өзүн ири инвестор катары тааныштырып, үй-бүлөсү менен «VIP» бөлмөлөрдө жашаган. Бул убакыттын ичинде 8 миллион 986 457 сомго банкет, иш-чараларды өткөрүп аягында качып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган В.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган 38 жаштагы аял кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылып жүргөндүгү дагы аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан