Араванда мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

"22-ноябрда С.Юсупов айылынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11 миллион 800 миң сом экени аныкталган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан