Бишкекте бакты сүзгөн жаңы автобустун айдоочусу чыгымдын ордун толуктайт
Бишкектеги №48 автобустун К. Кулжабаев аттуу айдоочусу жумуштан четтетилгенин бүгүн, 28-ноябрда шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, Кулжабаев кырсыктын кесепетинен транспортко келтирилген зыяндын ордун толтурат.
Эске салсак, 15-ноябрда саат 14:00дө №48 автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, Жибек-Жолу көчөсүнүн боюндагы даракты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу өзү жана тогуз адам жабыркаган.