Кечээ, 28-ноябрь күнү кечинде Тоң районунун аймагында HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.
Жыйынтыгында бир адам каза болуп, фейерверктер жарылып, ири өрт чыккан.
Социалдык тармактарда унаада фейерверктер атылып жаткандагы видео тарады. Анда фейерверктер атылып, андан кийин катуу жарылуу болгону көрүнөт.