Кытайдагы Чжэнчжоу шаарына караштуу Хэнань провинциясынын тургуну Пэн Ваймэй баласына бир нерсе болуп калбасын деп коркуп 40 жыл аны темир капаста кармаган.
Учурда 48 жаштагы баласы Пэн Вейкинг 6 жашында талма менен ооруп калгандыктан бат-баттан кулап, өз денесине зыян келтире баштаган. Айнектин сыныктары менен колдорун кескилеп салганда энеси темир капаска камап койгон. Баласы чоңойгон сайын анын жашаган жерин да кеңейте берген. Энесинин айтымында, Вейкинг аны тааныйт, бирок апа дей албайт. Азыркы тапта Пэн Ваймэй 80 жашта. Анын күйөөсү бир нече жыл мурун каза болгон. Энеси көзү өткөндөн кийин 48 жаштагы баласын карай турган адамды издеп жатат.