Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринин дипломун алууга жардам бергени үчүн мекендешинен 12500 доллар алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында чет өлкөлүк жаран материалдык пайда алуу максатында айрым чет элдиктер менен кылмыштуу бүтүмгө барып, окуу жайынын дипломдорун алууда мекендештерине жасалма тоскоолдуктарды жараткандыгы аныкталды.
Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.