Өлкөдө соңку суткада 14 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди. Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылды.
"Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Өрттүн себеби такталууда.