"Бейтааныш адамды бычактап салган". Жалал-Абадда изин жашырып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда бейтааныш адамды бычактап, изин жашырып жүргөн кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта ушул жылдын 24-апрелинде Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү кафелердин биринде болгон бейбаштыкта 43 жаштагы Ж.Г. аттуу жаранды өзүнө бейтааныш болгон жаран ашкана бычагы менен ичине сайып, окуя болгон жерден качып кеткени айтылат.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 27-ноябрь күнү аталган кылмышка шектүү катары Сузак районунун 42 жаштагы тургуну Э.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган кылмышка шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана уюшкан топтордун лидери катары эсептелчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан