Эртең, 30-ноябрда кыргызстандык "Абдыш-Ата" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" клубу менен ойнойт. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз футболдук союзу маалымдады.
Маалым болгондой, оюн "2023-2024 АФК" кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш Түркмөнстандын борборундагы "Ашхабад" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Оюндун түз берүүсү "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.
Белгилей кетсек, 4-турдан кийин "Абдыш-Ата" 10 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 7 упай менен 2-орунду "Алтын-Асыр" ээлейт. "Мерв" (Түркмөнстан) жана "Равшан" (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат. Тайпа ичиндеги "Мерв" – "Равшан" ортосундагы оюн эртең Бишкек сааты боюнча 18:00дө өтөт.