Каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль жеңди

Кыргызстандын каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама командасы Алматы шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3 медаль (1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катедттер арасында 50 килограммга чейинки салмакта Селина Алисултанова күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле 50 килограммга чейинки салмакта Милана Зацепилина жана 47 килограммга чейинки салмак ченинде Максим Дахин коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, мелдеш 24-26-ноябрь күндөрү өтүп, 33 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.

Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Шевченко Сергейдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан