Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милицияга Ж.А. аттуу жаран Р.Н. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ал 27-ноябрда Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин жанында ишенимге кирип, көбөйтүү шылтоосу менен алдамчылык жолу менен 68 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын ээлеп алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
Иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Р.Н. жаран аныкталган. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда милиция кызматкерлери анын ушул сыяктуу 4 кылмышка тиешеси бардыгын аныкташкан.