Лейлекте жалпы 2 миллион сомдук аткезчилик жүгү кармалды

Чет мамлекеттин номуру тагылган автоунааларга аткезчилик жол менен жүктөлгөн жүктөр кармалганын бүгүн, 30-ноябарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 16-ноябрында Лейлек районунун Арка айылындагы кампадан 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет мамлекеттин номуру тагылган Хьюндай Портер автоунаасына жүктөөдө 1992-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалган.

Ошондой эле 21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы тургундун жеке үйүнөн чет мамлекеттин номуру тагылган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасынан 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлардын аткезчилик жүгү табылган.

Жогорудагы фактылардын негизинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши козголуп, иштин бардык жагдайлары жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан