Кечээ, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча 11 айыпталуучуну камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.
Маалымдалгандай, адвокаттар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранышкан.
Ал эми сот тараптардын пикирин угуп, бардык 11 айыпталуучунун камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 29-январына чейин узартуу чечимин жарыялаган.
27 активист, саясатчы, блогер жана журналисттин ичинен 11и СИЗО-1де:
1. Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
2. Саясатчы жана экс-депутат Равшан Жээнбеков;
3. Активист Жеңишбек Молдокматов;
4. Президенттин Талас облусу боюнча мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкулов;
5. Журналист жана саясат таануучу Айданбек Акматов;
6. Активист Марат Баязов;
7. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев;
8. Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов;
9. Активист Тимур Махмудов;
10. Активист Ильгиз Шаменов;
11. Мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров.