Өлкөдө англис тили мугалимдерине арналган онлайн-олимпиада өтөт

Лингва инновациялык билим берүү коомдук фонду жогорку класстардын англис тили мугалимдери үчүн Улуттук олимпиадасын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле АКШ элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Анда мугалимдер заманбап ыкмаларды колдонуу менен өзүнүн англис тилин жана кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтө алышат.

Талаптарга ылайык, сынакка 3-11-класстарды окуткан мамлекеттик жана жеке орто мектептердин мугалимдери катыша алышат. Алардын өтүнмөлөрү ушул жылдын 7-декабрына кечки саат 6га чейин кабыл алынат.

“Катышуу үчүн жумуштан атайын маалым кагаз даярдап, аны көчүрмөлөп же жакшы сапатта сүрөткө тартып алуу керек. Анткени олимпиада күнү, каттоо учурунда система сизден ошол маалым кагазды жүктөөнү талап кылат”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, ар бир аймактан 3төн жеңүүчү тандалып, 1-орунга ноутбук, ал эми 2-3-орундарга олимпиада үчүн Эл аралык басмаканалардын методдору боюнча принтер китептери сыйлык катары тапшырылат.

Өтүнмөлөрдү шилтеме аркылуу тапшырса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан