Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу бакты сүзүп алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, кырсык бүгүн, 30-ноябрда болжол менен таңкы саат 04:30да катталган.
Жерине барган куткаруучулар унаанын ичинен 1996-жылы туулган Э.Э. уулу жана О.Д. (туулган жылы такталууда) аттуу жарандарды алып чыгышкан.
Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.