"Моделдер, блогерлер дагы бар". УКМК чиновниктерге кызмат көрсөтүп келген "элитный" сойкуларды аныктады

Жогорку кызматтагы аткаминерлерге, чиновниктерге жана ишкерлерге “элиталык” деп аталган интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Whatsapp мессенджеринде 8ге жакын группа - “Туса”, “Luxury”, “Голодные игры”, “Красотки”, “Top Girls”, “Болталка”, “Онли/KG”, ошондой эле Telegram мессенджеринде 2 группа – “Models 312”, “Голодные игры” бар экени аныкталган.

"Алардын курамына 18 жаштан 25 жашка чейинки 200гө жакын модель кыздар кирип, акчалай сыйлык үчүн интимдик кызмат көрсөтүүдө. Ошол эле учурда, бир сааттык интимдик кызматтын баасы 300-3000 долларга чейин өзгөрүп турат, ага Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон жаш кыздар жана сулуулук сынагынын катышуучулары тартылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган группалардын бардык катышуучулары такталып, кардарларды түздөн-түз издеп, жолугушуу жайларын сүйлөшүп жүргөн администраторлору жана менеджерлери 2002-жылы туулган С.С.Б. жана 1997-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан группалардын башка уюштуруучуларын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге колдоо көрсөтүүгө катышкан кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан