Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери пара берип жаткан учурда кармалганын бүгүн, 30-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында жетекчилик кызматты ээлеген жаран Ш.А. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерине 320 000 сом пара берген учурунда кармалган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Сот тарабынан камакка алуу чечими кабыл алынды.