Республика аймагында акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аларды өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 тилсиз жоо катталган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.