Бүгүн, 1-декабрда Бишкектеги №67 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен мугалимдери эвакуацияланууда. Бул тууралуу маалыматты Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, милиция кызматына мектеп имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.