Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 2-3-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

"Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат",- деди министрликтен

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат. Ал Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан