Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан жарандар аныкталып, кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Белгиленгендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында кармалган жарандар борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары, 2009-жылы туулган Р.И., 2008-жылы туулган К.А., 2008-жылы туулган Э.Э., бейбаштык максатында аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды.
Окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында тартип бузгандар фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.
Аталган мектеп окуучулары ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы болгону тууралуу такталууда.
Ошол эле учурда улуттук коопсуздук органдарында террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленет.
Буга байланыштуу УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ата-энелерге балдары менен маал-маалы менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.