Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, курулуш үчүн жалпы 58 миллион сом республикалык бюджеттен каржыланды.
Аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар үчүн жандандыруу бөлүмү жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.