Ысык-Көлдүн Түп районунун Токтоян айылында жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кырсык аталган айылдын Дүйшеев көчөсүндө орун алып, анын кесепетинен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Өрттү өчүрүүгө болжол менен түнкү саат 12:40 чамасында бир күжүрмөн эсеп тартылып, күйүп жаткан унаа толук өчүрүлгөн.
Азыркы тапта өрттүн себептерин тактоо иштери жүрүүдө.