Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери жүрүүдө

Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы "Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү - 3" компонентинин алкагында Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу үчүн подрядчыны тандоо иштери жүргүзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында туристтик борборлордун курулуш иштери башталып, бардык объекттерде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Тагыраагы фундамент куюу иштери аяктап, темир тирегичтерди (имараттын каркасы) жана чатырды орнотуу иштери башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын июль жана ноябрь айларында туристтерди тейлөө борборлору курулуп жаткан аймактарда долбоор, даттанууларды кароо механизми, аларды кароо тобун жарыялоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан