Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан жаран кармалды

Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратканга шектелип К.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ал өзүн көз карандысыз укук коргоочу (юридикалык билими жок) катары көрсөтүп, анын пикиринде “кысымга учураган” динчилдердин, блогер катары активдүү болуп, социалдык тармактардагы (YouTube, Telegram, Instagram) каналдары аркылуу ал экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган.

Ошондой эле, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренесинде каралган козголгон кылмыштын негизинде тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-12-01 11:39:00
Диний фанатизм, экстримизм, радикализм кыздардын жашоосун тозоко түртөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан