
Бишкекте Honda Fit үлгүсүндөгү унааны токтоп турган жеринен айдап качып кеткенге шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 27-ноябрда милицияга С.А. аттуу аял кайрылып, Патрис Лумумба көчөсүндөгү унаа оңдоочу жайлардын биринин жанында токтоп турган 500 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кеткенин айтып, арызданган.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 16 жана 17 жаштагы эки бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
17 жаштагысы буга чейин соттолуп чыкканы маалым болду.
Кошумчалангандай, уурдалган унаа Жалал-Абад облусунда 40 миң сомго сатылган. Учурда аны сатып алган адам изделип жатат.