Бүгүн, 1-декабрда көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясы Караколдо да өтүп жатат.
Белгилүү болгондой, алар менен шаардын мэри Чыңгыз Бапаев жолукту.
Мында чогулгандар да жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.
Ушундай эле митинг Бишкек жана Ош шаарларында да өтүп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында да митинг болгон. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан.