"Мадина" базарынын соодагерлери Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери бүгүн, 1-декабрда дагы нааразычылык акциясына чыгышты. "Биз 2 күндөн бери нааразычылык акциясына чыгып жатабыз. Бизде ККМ, ЭТТК, ЭЭФ, виртуалдык кампа деген болбошу керек. Ага чамабыз жетпейт. Чоң ишкана эмеспиз, жеке ишкербиз. Бүгүн президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине кайрылуу кат жаздык" деди соодагерлердин бири.

Соодагерлер өлкө башчысы Садыр Жапаровго жазган кайрылуусунда жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимин кайра карап берүүнү суранышты.

"Садыр Нургожоевич, мурдагыдай эле патенттик системаны калтырып, салык төлөөдө ККМ, ЭТТК, ЭЭФ, виртуалдык кампаны жок кылып берүүңүздү суранабыз" деп жазылган кайрылуу катта.

Соодагерлер азыркы учурда кайрылуу катка 300гө чукул адам кол койгонун жана кол чогултуу уланып жатканын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-ноябрда "Мадина" базарынын соодагерлери ККМге каршы акция чыгышкан. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышкан болчу.

1.12.23
1.12.23
"Мадина" базары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан