Бишкектеги №67 мектеп гимназиясынын имаратынан эч кандай жарылучу зат табылбагандыгын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 1-декабрда эртең менен аталган мектептин имаратына бомба коюлганды тууралуу маалымат түшүп, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланган болчу.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып эч кандай жарылуучу зат табышкан эмес.