"Администратор жана 8 кыз кармалды" Сокулукта интим кызмат көрсөтүп келген мейманкана аныкталды

Сокулукта интим кызматын көрсөтүп келген жай аныкталганын Чүй ОИИББнин баса сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө жүргүзүлүп жаткан рейддин алкагында Сокулук районундагы Ордо мейманканасы табылып, 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ( сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда администратору 1961-жылы туулган М.Г. аттуу аял киши кармалып, убактылуу жайга киргизилди.

Ал эми акчага сексуалдык кызмат көрсөтүп келген 8 кыз юридикалык баа берилүүсү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан